Ошто дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз табылып, ата-энесине өткөрүп берилди

Ошто дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Асемай Полотова табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Буга чейин милицияга анын 28-ноябрь күнү саат 12:00дөр чамасында Кызыл-Сеңир айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы маалым болгонИздөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон кыздын жүргөн жери аныкталган. Аны Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 11-декабрда таап, ата-энесине өткөрүп беришкен. Кыз Ош шаарында болгон. Анын айтымында, Жаңы жылдын алдында акча табууну чечкен. Коомдук тамактануучу жайлардын бирине официант болуп ишке орношкон.