Ошто дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Бишкекте иштеп жүргөн

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы жигит Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын тургуну 48 жаштагы жаран 22-февралда арыз менен кайрылып, анын 2006-жылы уулу үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын, анын себептерин билбей турганын жана уулун таап берүүнү суранган. Анын уулун табуу боюнча тиешелүү ыкчам иш аракеттер жүргүлө баштаган. Бардык аймактарга тиешелүү маалыматтар жөнөтүлгөн.

2006-жылы туулган жаран Бишкек шаарындагы коомдук тамактануучу жайлардын биринеде ашпоздун жардамчысы болуп иштеп жүргөн жеринен 19-мартта табылып, 20-мартта Ош шаарына жеткирилген. Ал өз көрсөтмөсүндө Бишкек шаарына кеткенге чейин кафеде бир нече ай ашпоздун жардамчысы болуп иштеп келгендигин, иштеп тапкан акчасын өз кызыкчылыгына иштетип койгондугун билдирди. Бирок ошол коротуп жиберген акчаларын табууну атасы талап кылгандыктан, акча табуу үчүн Бишкек шаарына ата-энесине айтпастан кетип, иштеп жаткандыгы тууралуу көрсөтмө берген.