Ошто Даун синдрому менен жабыркаган балдар үчүн ресурстук борбор ачылат

иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарында Даун синдрому менен ооруган балдардын ресурстук борбору ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, калаа мэри Таалайбек Сарыбашов 15-мартта Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн «Сантерра-Юг» фондунун жетекчиси Жылдыз Туратбекова менен жолуккан. Анда фонддун жумушу, алдыдагы пландары тууралуу мэрге маалымат берилген. Анын ичинде ооруган балдар үчүн ресурстук борбор ачуу тууралуу да айтылган.

Сарыбашов фонддун ишин колдой турганын айтып, аталган борборду ачуу үчүн анын имаратынын бир жылдык ижара акысын мэрия төлөп берерин убадалаган. Ошондой эле анда иштей турчу кызматкерлерди билимин жогорулатып келүү үчүн Москванын мыкты борборлоруна жөнөтүп, жол киреси төлөнүп берилерин белгилеген. Фонддун жетекчиси мэрдин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.