Ошто этке бирдиктүү баа киргизилди. Эми канча сомдон сатылат?

Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин төрагалыгы астында эттин баасын жөнгө салуу маселеси боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга ветеринардык кызматтын, антимонополиянын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, эт сатуучу дүкөндөрдүн ээлери катышты.

Жыйында 1 килограмм уйдун этине бирдиктүү баа 600 сом, ал эми кой этине 620 сом болуп бекитилди. Белгилей кетсек, буга чейин шаар тургундарынан эттин баасы 650 сомго чейин жетип жаткандыгы тууралуу арыз, даттануулар келип түшкөн.

Ошондой эле, учурда этти экспорттоого тыюу салгандыгына байланыштуу эттин баасы төмөндөгөндүгү белгиленди.