Ошто этникалык кыргыздардын катышуусунда “Ордо” боюнча мелдеш өткөрүлдү

Кечээ, 13-февраль күнү Ош шаарында “Ордо” улуттук оюну боюнча мелдеш өттү. Ага Тажикстандын Мургаб аймагынан көчүп келген этникалык кыргыздар катышышты. Бул тууралуу аталган мелдештин уюштуруучулары маалымдашты.
Оюндун уюштуруучуларынын бири Абдылдабек Тойчуевдин айтымында иш-чаранын максаты этникалык кыргыздар менен болгон достукту чыңдоо жана ордо оюнун жандандыруу болгон.

«Ордо оюну боюнча жылына эки жолу турнир өткөрүүнү пландап жатабыз. Биз жаштардын арасында бул улуттук оюнга болгон сүйүүнү өстүрүүнү каалайбыз. Уюштуруучулар тарабынан «Мыкты оюнчу, чабуулчу жана коргоочу» аныкталып, белектер берилди. Кечээ жалпысынан 6 команда катышты», — деп билдирди уюштуруучу Абдылдабек Тойчуев.