Ошто Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 10-июнда Ош жергесинде 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курман болгондордун элесине таазим кылышты.
Каза болгондордун жакындары жана иш-чаранын катышуучулары менен болгон барлашууда өкүлдүн орун басары: «Биз кылымдар бою ынтымакта, бир туугандыкта жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымакты туу тутуп, байыркы Ош шаарынын даңктуу тарыхын жараткан. Ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз», — деп баса белгилеп, көңүл айтты.
Эскерүү “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл коюу менен башталып, каза болгондорго багышталып куран окулду.