Ошто жаңы аэропорт куруу пландалууда

Ош облусунун аймагына жаңы аэропорт куруу маселеси көтөрүлдү. Өлкөнүн түштүк аймагына пландалып жаткан бул аба майданын түркиялык инвесторлор каржылап берүү сунушун киргизишкен. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ошко жаңы эл аралык аэропорт куруу стратегиялык жана экономикалык чоң мааниге ээ экени айтылат. Бул үчүн Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынан 10 гектар жер бөлүнүп, бирок каражат маселеси чечилбей токтоп калган.

«Буга чейин кытайлык компания аба майданын куруу ниетин билдирген. Бирок стратегиялык мааниден улам колдоо тапкан эмес. Эми Түркия тарабынан каржылоо сунушу түшкөн. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта

Ошондой эле аэропорт куруу пландалган аянтка Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов барып, жергиликтүү бийлик органдарынын жана тийиштүү кызматтардын жетекчилерине өкмөткө сунуш даярдоо тапшырмасын берген.

Ошко эл аралык аэропорт куруу маселеси 2016-жылдан бери көтөрүлүп келет.

Telegram Web