Жол кеңейтүү иштерине байланыштуу Супаналиев көчөсүндө жашаган Шахноза Рузиеванын турак-жайы бузулган. Мэр Жеңишбек Токторбаев үй ээсинин турмуш-шарты менен таанышып чыккан соң 30-июль күнү Краснофлотск көчөсүндөгү ипотекалык үйдөн 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган.
Батир ээси ачкыч тапшыруу учурунда калаа башчысына ашкана эмерегин алууга жардам берүүнү суранган болчу. Бүгүн Жеңишбек Токторбаевдин жеке каражатынан ашкана эмереги алынып, үйүнө жеткирилди.