Ошто жарамазан айтып жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энесине айып салынды

Ош шаарында жаразаман айтууну шылтоолошуп, акча сураган жана жол кыймылына тоскоол болгондорго профилактикалык иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаарынын аймагында Рамазан айынын келиши менен кайыр сураган жана жарамазанды шылтоо жасап тилемчилик жасаган жарандар, балдар кескин көбөйүп кетет. Айрым замандаштар бул айдагы адамдардын кайрымдуулукка жасаган аракеттеринен пайдаланышып, акча алуунун жолуна айландырып келишет. Өзгөчө ата-энелери тараптан тиешелүү көзөмөлү жок балдар кечкисин жана түнкүсүн коомдук тамактануучу жайларга баш багышып, жаразаманды шылтоолоп кайыр сураганга өтүп алышууда. Андан сырткары токтой калган машинага жүгүрүшүп, акча сураган учурдары дагы кездешүүдө.

Ушул жагдайларды эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан «Кароосуз калгандар» деген аталыштагы ыкчам профилактикалык иш чараларды жүргүзүп жатат. Жергиликтүү бийлик, билим берүү өкүлдөрүнүн, милициянын катышуусу менен 29-30-31-март күндөрү бул иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө жогоруда белгиленген «жарамазан айткан» балдардан сырткары жол кыймылына тоскоол болгон, интернет клубдарында түнкүсүн жүргөн, кароосуз калып ар кандай шарты жок жайларда жашап жүргөн социалдык жактан оор абалда жашаган балдарга рейддик иш чара жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө негизги басым профилактикалык маектешүүлөргө көӊүл бурулду. Андан сырткары рейд учурунда түнкүсүн өз алдынча жүргөн 116 өспүрүм аныкталып, алардын ичинен Оштогу балдардын реабилитациялык борборуна 53 өспүрүм алып келинди. «Жарамазан айтышып» коомдук жайларда жүрүшкөн 14 бала кармалып, ата-энелерине өткөрүп берилди. Алардын ата-энелерине балдарын кароосуз калтыргандыгы үчүн Укук бузуулар кодексинин 74-102-беренелеринин негизинде жаза салынды. Милиция кызматкерлер «Боорукердик» балдар үйүнө бир баланы өткөрүп беришти.