Ошто жүргүнчүлөр бир сааттан ашык уча албай турушту. Аэропорт себебин түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаровдун айынан Ошто жүргүнчүлөрдү бир саат учурбай кармап турушту. Окуянын видеосун Kaktus.media сайтына жергиликтүү жашоочулар жөнөткөн.

Алардын айтымында, кечээ, 4-апрелде ичинде жүргүнчүлөрү бар самолет бир сааттай Оштун аэропортунан уча албай турган. Видеодо көрүнүп тургандай, бир мырза, болжол менен аэропорттун кызматкери, бардыгы президенттин келишин күтүп жаткандыктан, самолет учпай турганын түшүндүрүп жатат. Тартуу иштери учактын иллюминаторунан жүргүзүлгөн, алыстан самолетко жакындап келаткан президенттин кортежи көрүнөт. Жарандар аэропорттун жетекчилигинин бул иш-аракетин кошоматчылык катары баалап, нааразы болушкан. Ошол эле учурда видеодо балдардын ызы-чуу салып, ыйлаганы угулат.

Макала жарыялангандан кийин «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан учак техникалык себептерден улам өз убагында асманга көтөрүлө албай калганын билдирдишти. «Учууга даярдык көрүп турган учак тиешелүү убактысында учууга жетишпей калган, ошондуктан рейс кармалып калды», — деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү.