Ошто жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-июль күнү таңкы саат 07:49да өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга, Шибээ, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.