Ошто жигит өз жанын кыюуга аракет кылган

2-январь күнү саат 14:52де Кызыл-Кыя шаарындагы 4 кабаттуу имараттын чатырында жаран өз өмүрүнө зыян келтирүү аракетин көргөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине саат 14:54тө №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу чыгышкан. Саат 14:59да куткаруучулар аталган дарек боюнча барган учурда, 1995-жылы туулган шаар тургуну экендиги аныкталып, сүйлөшүүлөрдөн кийин куткарылган. Жаран «102» жана «103» кызматтарына тапшырылган.