Ошто жол кеңейтүү үчүн үйү бузулган үй-бүлөгө жаңы үй куруп беришти

Ош шаарынын Волгоград көчөсүн кеңейтүүнүн алкагында кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар буздурулган. Анын ичинде Данияр Исраиловдун үйү да болуп, жашап жаткан турак-жайы толугу менен бузулган.

Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен калаа бийлиги бул үй-бүлөгө бардык шарты менен жаңы үй куруп берди.