Ошто жол кырсыкты болтурбоо үчүн жарык берип турган макеттер орнотулууда (видео)

Ош облусунда түнкүсүн жарык берип турган макеттер орнотулууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыктарын болтурбоо жана азайтуу максатында, ошондой эле катуу ылдамдыкта айдаган айдоочуларга профилактика иретинде, түнкүсүн кадимки кызматтык унаадай жаркылдап турган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган атайын макеттер талдоонун негизинде жол унаа кырсыктары көп катталган аймактарга орнотулууда.

Азыркы учурда бул макеттер Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна орнотулуп, жакынкы күндөрү башка райондорго да орнотуу каралууда.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындай ыкма жакшы натыйжа берип жаткандыгын айтышып, мектепке жакынкы жолдорго жана калктуу конуштарды кесип өткөн чоң жолдорго да түнкүсүн коюп берүүнү өтүнүшүүдө.