Ошто жол тескөөчүнү муштап жиберген кишинин видеосу тарады

Ошто патрулдук милициянын кызматкерин муштап жиберген кишинин видеосу соцтармакка тарады. Милициядан шектүү ӨКМдин кызматкери экенин кабарлашты.

Окуя 6-апрелге караган түндө болгон. Бейбаштык беренеси менен иш козголуп, шектүүлөр кармалган.

Жергиликтүү ЖМКлар кишилер спирт ичимдигин ичип отурушканын, милицияны башка тургундар чакырганын жазышты.