Социалдык тармакта «Жолдошум 6 жылдан бери сабайт» деген аялдын видеосу тараган. Ош облустук милициясы маалымат берип, 29-майда кылмыш иши козголгонун билдирген.
Бир нече убакыт өткөн соң кайрадан видео тарап, аял «милиция чара көрбөй жатат» деп нааразычылыгын билдирген.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБ бүгүн, 12-июнда маалымат берип, Өзгөндө жолдошу тарабынан сабалган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.
«29-май күнү Өзгөн РИИБге жабырлануучу келип, зомбулук көрсөткөн жолдошуна карата мыйзамга ылайык чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын негизинде жабырлануучуга карата соттук-медициналык-экспертиза дайындалып, ошол эле күнү коргоо ордери берилген.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу ден соолуктун бузулушуна алып келген жеңил жараат алганы аныкталган. Учурда бул факты боюнча жолдошуна карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен жарандын аракеттерине карата юридикалык баа берилет.
Белгилеп кетсек, социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын милиция кызматкерлери жабырлануучунун арызы боюнча ишти карабай жатат деген маалыматтары чындыкка дал келбейт. Жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырабыз»,— деп айтылат маалыматта.