Ошто жылуулук берүү токтотулду

17-мартка караган түнү саат 00:00дө Ош шаарында жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктады. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду. Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.