Ошто жылуулук берүү токтотулду

Ош шаарында 12-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Мэрия 1 күн мурда Ош шаарында 12-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктарын билдирген. Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койгон. Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге 2023-2024-жылдарга жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү тапшырмасы берилди.