Ошто жылытуу сезону бүгүн башталды

Ошто жылытуу сезону башталды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКтан билдиришти. Ишкана биринчи кезекте саламаттыкты сактоо мекемелери, бала бакчалар жана билим берүү мекемелерине жылуулук берилери маалымдалды.

«Ош ЖЭБи 5 өнөр жай объектисин, 84 бюджеттик мекемени, 17 миң 804 көп кабаттуу жана 192 жеке үйдү, ошондой эле 323 башка объектилерди тейлейт. ЖЭБдин балансында жалпы узундугу 58 миң 474 чакырымды түзгөн суу магистралдык жана кварталдык жылуулук тармактары бар», — деп айтылат ишкананын маалыматында.