Ошто кайыр сурап, жарамазан айткан өспүрүмдөргө рейд жүрүп жатат

Ош шаарынын аймагында «Түнкү өспүрүм» деген аталыштагы профилактикалык рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Кызматкерлер шаар аймагы боюнча бөлүнүшүп, кафе-ресторан жана чайкананын оозунда акча сурап, же ырдап кирип барган өспүрүмдөргө профилактикалык иш-чараларды өткөрүп жатышат. Алардын социалдык абалы, үй-шарты тууралуу маалымат алышууда. Андан соң, интернет клубдарында, оюн-зоок жайларында, жер төлөлөр менен үйлөрдүн чатырларында чоӊ адамдардын коштоосусуз жүрүшкөн өспүрүмдөрдү аныкташып, тактоо иштерин жүргүзүү үчүн балдардын реабилитациялык борборуна алып келишүүдө. Алардын ата-энелерин, жакын туугандарын чакырышып, профилактикалык маектешүүлөрдү жүргүзүшүп жатышат. Бул рейд көрсөткөндөй, кармалган балдар-кыздардын көбүнүн ата-энеси миграцияда жүрүшөт, өздөрү жакын туугандарында калтырылган.

Рейддин алгачкы күнү жалпы 106 өспүрүм менен маектешүү үчүн милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. 25 өспүрүм балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилди, анын ичинен 9 баланын ата-энесине карата ата-энеге Укук бузуу кодексинин 74-беренесине ылайык 1000 сомдон жаза салынды. Үйдөн чыгып кеткен 1 өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Жалпысынан 164 коомдук жайлар текшерилди.