Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Ош шаарындагы Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы адамды издөөнүн натыйжасында кечээ, 13-июлда куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.
2004-жылы туулган А.у.Т. аттуу жаран 12-июль күнү аталган каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине ӨКМдин 38 куткаруучусу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20, жалпы 68 адам чыгышкан.