Ошто келин жолдошунун жансыз денесин батирден тапкан

Ош шаарындагы батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жансыз дене Бөрүбаев көчөсүндөгү жайгашкан үйдүн батиринен табылган. Куткаруучуларга эшикти ачуу боюнча маалымат түшкөн, бирок алар жерине баргыча аял киши эшикти өзү ачкан. Батирдин ичинен 1980-жылы туулган үй ээсинин жансыз денеси табылган.