Ошто көчөдө жашап жатат деген аял эмне болду? Мэриянын жообу

Көчөдө калды делген аял башка жерге жайгаштырылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
«Ош шаарынын Райымбеков көчөсүндө ачык асман астында жашап жатат деп социалдык тармактарда талкууланып жаткан жаранга байланыштуу маселени мэрия көзөмөлгө алды. Учурда аталган жаран «Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын Кара-Суу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө жайгаштырылды.

Буга чейин аталган жаран вагондо жашап келген. Ал вагонго ээлик кылган тарап өз буюмун алып кеткен соң, аймактык башкармалык тарабынан башка батирге чыгып убактылуу жашап туруу же “Боорукердик” жатак үйүндө жашап туруу сунушталганн. Бирок андан баш тарткандыктан бүгүн башка экинчи жайга көчүрүлүп, жайгаштырылды», — дешти.