Ош шаарында муниципалдык кош каржылоо программасынын алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн жана административдик имараттардын сыртын жаңылоо, актап, сырдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Учурда Монуев көчөсүндөгү №54, 56 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн сырты жаңыланууда. «Бул жумуштар муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.