Ошто курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү деген видео боюнча мэрия үн катты

Кечээ, 4-августта социалдык тармактарда түндө Ош шаарында курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү деген видео тараган.

Ош шаардык мэриясынын билдирүүсү боюнча, арматурадан каркас токуп бүтүп, бетон куюп баштаганда бир четинен кемчилик кеткен. Мындан улам коюлган опалубкалар урап түшкөн.