Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн жүк ташыгыч кулап кеткен видео тарады

Сыймык Шамшиев аттуу Фейсбук колдонуучу Ошто көз алдында кырсык болгонун жазды.

«Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жогорку кабатына жүк көтөрүп, жеткирип берип жаткан атайын техника кулап түштү. Кудай бир сактады, эч ким эч нерсе болгон жок. Техниканы башкарган жапжаш бала титиреп, оозуна сөз келбей калды»,- деп жазды ал.