Ошто куткаруучулар Чехиядан келген туристке жардам беришти

Ошто куткаруучулар туристке жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Ленин чокусуна чыкчу жолдо Чехия мамлекетинен келген турист бутун кокустатып алып, жардам сурап кайрылган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.