Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 09:58де Ош шаарында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн таасири төмөнкү аймактарда сезилди:
Ош шаары – 3 баллга чейин;
Ош облусунун Ноокат району (Ноокат шаары) – 3 баллга чейин;
Ош облусунун Кара-Суу району (Кара-Суу шаары) – 3 баллга чейин.