Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 31-октябрда саат 16:02де Кыргызстанда аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 110 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.