Ошто күйөөсү жубайын 28-декабрдан бери издеп жатат

Дайынсыз жоголгон Ош шаарынын тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү 2004-жылы 8-мартта туулган Кочкарова Сахибохон Хикматтуллаевнага издөө салат.

2024-жылдын 5-январында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында аялы, 2004-жылы туулган Кочкарова Сахибохон 2023-жылдын 28-декабрь күнү саат 11:00 чамаларында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгондугун билдирген. Күйөөсүнүн айтуусунда өздүк документтерин алып кеткен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү бул келин тууралуу маалыматыңыздар болсо (03222) 4-82-82, 0504-44-55-41, 0755-80-47-01 телефондору аркылуу байланышып коюшуңуздарды суранат.