«Ошто кыздар уурдалып жатат» деген маалыматтан кийин текшерүү башталды

Социалдык тармактарда Ошто 4-5 жаштагы кыздарды Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа менен 2 аял уурдап жатканы тууралуу маалымат тарап жатат. Ош ОИИБден мындай факты катталбаганын билдирди.

«Мындай факты катталган эмес. Аудиодогу үндүн кимге тиешелүү экендиги боюнча текшерүү жүрүп жатат», — дешти.