Ошто кызыл сызыктан чыккан имараттар сүрүлүүдө

Ош шаарында муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан кызыл сызыктардын чегин бузган имараттарды алып салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда Ленин көчөсүндөгү “Исламбек”, “Атабек”, “Кут ордо”, “Анар” коомдук тамактануучу жайлары, “Азия” супермаркети, мыйзамсыз орнотулган тосмолор курулуш ээсинин өз эсебинен буздурулууда. Аны менен бирге А.Масалиев, Курманжан-Датка көчөлөрүндө дагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Шаар бийлиги жалпысынан кызыл сызыктан өткөн 100дөн ашык объектиге тиешелүү эскертмелерди берген.