Ошто машина оңдогон балакай. «Мотордон башкасынын баарын жасайт» дейт устаты

«Тузу оор кесиптер» долбоорубуздун бул жолку каарманы Ош шаарында машина оңдогон балакай болду. Бир жылдан бери устаканада үйрөнчүк болуп жүргөн каарманыбыз мотордон башкасынын баарын оңдойт.

«Мен 8-класска көчтүм. Жайында айдоочулардын көбү кондиционер койдуруу менен кайрылышат»,- деди ал.

Ал эми анын устаты Абулланын мотордон башкасынын баарын жасарын айтты. «Жеңил иштерди берип турабыз, жасай берет. Өзү келип, үйрөтүүнү суранды»,- деди ал.