SerepTV Logo

Ошто студент кыздын жансыз денеси табылды

Ошто студент кыздын жансыз денеси табылды
Оштогу Ак-Буура дарыясынын боюнан медициналык колледжинин 2-курсунун студентинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. 28-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи районунун аймагынан, Ак-Буура дарыясынын боюнан белгисиз 20-25 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан ал аялдын аты-жөнү аныкталып, ал Баткен районунун тургуну экендиги, Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 2-курсунун студенти экенди такталган. Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча атайын экспертиза дайындалды, ар тараптуу иликтөө иштери бир нече версия боюнча жүрүп жатат.