Ошто милиция кызматкери 3 эм уулдуу болду

Милициянын майору Мырзабек Тороев үч эм уулду болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын майору МырзабекТороев үч эм уулду болду.

Мырзабек Тороев 19-апрелде жарыкка келген ымыркайларына Амантай, Эртай, Эсентай деген ат койгон.