Милиция кызматкерлери түнкү суукта унаада жалгыз калып калган 5 жашар кызды куткарды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
24-декабрь күнү саат 03:20 чамасында Ош эл аралык аэропортунун аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жүргөн Ош ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери унаа токтотуучу жайда Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаанын ичинде 5 жаштагы кыз жалгыз уктап жатканын байкашкан.
Кызматкерлер унаанын эшиги жабык болуп, кыз ичинде жалгыз калганын билген соң, унаанын ээсин табууга аракет кылышкан.
Түнкүсүн суук болгондуктан унаанын ичиндеги кыз үшүп калганын сезишип, эшигин бузуп ачышып, кызды алып чыгышкан. Ага Тез жардам көрсөтүлүп, ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өткөрүп берилди. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча кыз унаанын ичинде 4 сааттай уктап калган.