Ошто миңдеген жаштар Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш жасашты (сүрөт)

Бүгүн, 5-мартта Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында «Улуттук кийимдер» жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жөө жүрүшкө Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы Иззатбек Берхмаматов баштаган бир жарым миң активдүү жаштар, улуттук кийимчен апалар жана кыз-келиндер борбордук аянттан тарта, улуттук драма театрга чейин улуттук баалуулуктарды даңазалаган, патриоттук чакырыктар менен басышты.

Ошондой эле иш-чарага Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрындагы концерттик программа менен уланды.