Бүгүн, 24-мартта Ош шаарындагы Э.Алиев көчөсүндө жайгашкан, мурда рекультивацияланган Хохлова көрүстөнүнүн аймагында кеңири масштабдагы жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты — шаардагы экологиялык абалды жакшыртып, жаңы эс алуу жана жашыл мейкиндиктерди түзүү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин төрагасы, коомдук ишмерлер, аксакалдар, жаш активисттер жана коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Шаар мэри Ошто жашыл аймактардын жетишсиздигин белгилеп, мындан ары шаарды системалуу түрдө жашылдандыруу негизги багыттардын бири болорун билдирди.
“Бул аймакта мурда көрүстөндүн үстүнө турак жай куруу аракеттери болгон экен. Биз мындай мыйзамсыз иштерди өз убагында токтоттук. Анткени көрүстөндүн үстүнө көп кабаттуу турак жай курууга мыйзам жол бербейт. Азыр бул жерди мыйзам талаптарына ылайык иретке келтирип, жашыл зонага айландырып жатабыз”, — деди мэр.