Ошто “Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик” аталышындагы форум өттү

Ош облусунда “Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик” аталышындагы форум өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, 24-март күнү Ош шаарындагы “Jannat Resort” мейманканасында Ош облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдеген “Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик” аталыштагы форум өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдаинов, Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Жоробеков сөз сүйлөп, облус аймагындагы укук бузууларды алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу, жетишкендиктери жана милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү салымын баса белгилеп өтүштү. Бул форумдун максаты коомдук алдын алуу борборлорунун жумушун жандандыруу, алардын көйгөйлөрүн чечүү.

Ош облусунда 90дон ашуун коомдук алдын алуу борборлору иштейт. Анын баарында эле шарт жаралган эмес. Ага карабай кылмыштуулукту алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук зомбулуктарды, балдар арасында катталган кылмыштуулукту жоюу боюнча коомдук алдын алуу борборунда жайгашкан аксакалдар соту, аялдар кеңеши, ошондой эле жаштар координаты, милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.