Ошто мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланууда. Бул жолу соода борбор бузулду

Ошто мыйзамсыз курулуштарды бузуу уланууда. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Курманжан-Датка 211 (Араванский) дарегинде жайгашкан “Ситимаркет” соода борбору өз алдынча уруксат кагазы жок 25 чарчы метрге курулуш жүргүзүп тосуп алган. Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан эскертүү берилип, мыйзамсыз курулуш жеке ишкердин өз эсебинен бузулууда.