Ошто Нооруз кандай өтүп жатат? (сүрөттөр)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 21-марттагы Оштогу Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып, жалпы жарандарды  куттуктады.

“Ордолуу Ош жергеси – республикалык масштабдагы экинчи чоң шаарыбыз жайгашкан жер. Азыр Ош шаарынын аянты 2,5 эсеге кеңейди, элинин саны 100 миң адамга көбөйдү. Былтыр шаардын таза суу көйгөйүн чечип бердик. Дүйнөлүк жаңы мейкиндикти ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – транзиттик ири долбоор, Ош шаары – бул жолдо тосуп алчу биринчи дарбаза болот. Урматтуу Ош шаарынын тургундары, шаар мэриясынын эң сонун пландары бар. Ар бир жетекчи менен ынтымакташып иштешесиздер деп ишенебиз. Ош шаары заманбап шаар болот”, — деди ал.