Ошто өлтүрүлгөн аялдын кайын агасы беш баланы камкордукка аларын айтты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева акыркы учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп, анын кесепети келиндердин ден соолугуна оор зыян тийгизип, айрым учурлар өлүмгө чейин алып келип жатканын өкүнүч менен белгилейт.

Жамиля Жаманбаеванын айтымында, 38 жаштагы беш баланын энеси Айзирек Эралиеванын өлүмү аялдардын коопсуздугуна көңүл бөлүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүүнүн зарылдыгын дагы бир жолу айгинеледи.

26-май күнү саат 23:20 чамасында Өзгөн РИИБге 38 жаштагы Айзирек Эралиеванын сөөгү ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын октон алган жаракатынан өлгөнүн ырасташкан. Окуя Өзгөн РИИБ тарабынан каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн карамагына жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелип маркум келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган жаран кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Айзирек Эралиеванын артында беш баласы калды. Балдарынын эң улуусу 17 жашта, Бишкек шаарындагы коллеждердин биринде билим алат. Ал эми экинчи уулу 9-класстын окуучусу, үчүнчү уулу — 11 жашта, төртүнчүсү — 7 жашта кыз, эң кичүү кызы — 4 жашта.

Балдарды аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандын бир тууган агасы камкордукка алууга даярдыгын билдирген.