Ошто португалиялык турист тоодон түшүрүлдү (видео)

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дара жайлоосунда кечээ, 16-июнда португалиялык турист унаасынын дөңгөлөгү жарылып тоодо калып калганы тууралуу маалымат ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Чоң-Алай райондук №88 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу тартылып, аталган жаранды мотоцикли менен тоодон түшүрүп, Ош шаарындагы мейманканага жайгаштырган. Абалы туруктуу.