Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы сейил бактын ачылышына барган президент Садыр Жапаровго жолуга албай калып, ыйлаган кыздын видеосу тарады.
Видеону кыздын апасы жүктөп себеби боюнча түшүндүрмө берген. Анын айтымында, жолдошу аскер кызматкери жана Бишкекте иштейт. Ал кыздары жана майыптыгы бар баласы менен шартка байланыштуу Бишкекке көчүп келе алган эмес. Кыздары атасын сагынып ыйлап, президенттен атасын жумуштан Ошко которуп берүүсүн сурангысы келген.
Бүгүн, 7-октябрда редакцияга өздүк булактар кыздын атасын Ошко которуп жатканын билдиришти.