Ошто рейд учурунда түнкүсүн интернет клубда жүргөн 42 өспүрүм аныкталды

Ош шаарында рейд учурунда түндө интернет клубдарда жүргөн 42 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

«Кароосуз балдар» деген аталыштагы профилактикалык иш-чара 3 күн бою жүргөн. Ал убакыт аралыгында милиция кызматкерлери коомдук жайларда: соода түйүндөрүндө, базарларда, интернет жана түнкү клубдарда, жаш өспүрүмдөр болушу мүмкүн делинген жер төлө менен чердактарда болушуп, ал жерден табылган өспүрүмдөр менен маектешүүлөрдү өткөрүштү.

Рейд учурунда атайын учетко 8 өспүрүм коюлду, шаардык балдар комиссиясына оор шартта жашаган 11 бала боюнча тиешелүү маалыматтар топтолуп, жөнөтүлдү. Дайынсыз жоголгон бир баланын жүргөн жери такталып, 2 кылмыштын бети ачылды. Түнкүсүн чоӊ адамдын коштоосу жок интернет клубдарында жүргөн  42 өспүрүм балдардын реабилитациялык борборуна алынып келинди. Бул балдар окуган тиешелүү билим берүү мекемелерине, социалдык коргоо тармагына 31 кат жөнөтүлдү. Өз балдарына тиешелүү көңүл бурбай, милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата 21 протокол түзүлдү.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан бул багытта ишти күчөтүү тапшырылып, жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу кылмыштардын жана жаш өспүрүмдөргө карата жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер уланууда.