Ошто Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамы өтүп жатат

Бүгүн, 21-мартта Ошто президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн Ош мэри Жеңишбек Токторбаев ачып берди. Андан соң, президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады.

Майрам эстрада ырчыларынын катышуусунда уланып жатат.