Ош шаарында шаардык жана муниципалдык ишкана жана уюмдардын кызматкерлеринин 50 пайызы аралыктан иштөөгө өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жана Ош мэриясынын токтомуна ылайык, шаардын муниципалдык ишканаларында жана мекемелеринде кызматкерлердин 50 пайызы аралыктан иштөөгө которулат. Буйрукка ылайык, биринчи кезекте аралыктан иштөөгө жарандардын айрым категориялары: 60 жаштан ашкан кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана кош бойлуулар которулат. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана ишканалардын жетекчилерине кызматкерлердин 50 пайызын аралыктан иштөөгө жөнөтүү сунушталды.