Ошто шайлоо жыйынтыгына нааразы партиялар аянтка чогулду

Ош шаарынын борбордук аянтына 12-апрелде шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор чыгышты. Алардын арасында “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу журт” жана “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү да бар. Алар шайлоо добуш сатып алуу, административдик ресурс менен өткөнүн айтып, нааразы болушууда. “Бүтүн Кыргызстандын” өкүлү Улан Канат уулу шайлоо жыйынтыгына нааразылар тиешелүү орган-мекемелерге кайрылганы жатканын билдирди.

Эске салсак, добуш берүү аяктагандан кийин «Улуттар Биримдиги», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партиялары чогуу билдирүү жасап, анда бул шайлоонун «эң ыплас» өткөнүн айтып сындашкан.

Нааразылык болгон партиялардын катарында шайлоодо 7 пайыздык чектен ашкандары да бар.

Алгачкы жыйынтыкка караганда, автоматтык эсепке ылайык «Ата Журт Кыргызстан» партиясы 49 пайыздан ашык добуш алып алдыга чыкты. Андан кийин «Улуттар Биримдиги» менен «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары турат.