Ошто шыбы ураган аэропорт боюнча прокуратура иликтөө иштерин баштады

Ош эл аралык аэропортунун кулап түшкөн шыбы боюнча Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 18-майда жааган жамгырдан улам аэропорттун шыбы урап түшкөн. Нөшөрлөп жааган жамгыр жеңил конструкциядан жасалган шыптын бузуп, учуу, конуу жана күтүү залдарын суу каптаган. 

Аэропортто жумушчу комиссия түзүлүп, келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо иштери жүрүүдө. Кыргызстандын транспорт прокуратурасынын кызматкерлери иликтөө иштерин баштады. «Текшерүүдө биз кыйроонун себептерин, реконструкциялоо долбоору канчалык туура аткарылганын, аткарылган иштердин документалдык маалыматтарга дал келүүсүн, курулган объект кандай кабыл алынганын жана башка аспектилерди изилдейбиз. Анын жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу чараларды көрөбүз”, — деп айтылат маалыматта.