Ошто табылган жансыз дене. Маркумдун мугалим экендиги жана аны атып кетишкени маалым болду

Бүгүн, 23-мартта Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылган жана анын денесинде майда жаракаттар бар экендиги аныкталган. Маркум Ош шаарындагы №44 мектептин мугалими экендиги жана ал күндүз мугалим, түнкүсүн таксист болуп иштегени аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын унаасы Ош шаарындагы филармониянын жанынан табылган. Аны атып кетишкени да тастыкталды. «Ал адамды белгисиз ок атуучу курал менен атып кетишкени тастыкталды. Кандай курал менен атканын аныктоо үчүн тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.